• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Билим берүү министрлиги 375 директордун бош кызмат ордун ээлөөгө сынак жарыялайт

Билим 0

Бишкек, 02.03.24. /Кабар/. 4-мартта Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин тандоо боюнча сынакка арыздарды кабыл алуу башталат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусейинова билдирди.

Анын айтымында, сынак КР министрлер кабинетинин "КР мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун негизинде жүргүзүлөт.

"Азыркы учурда жалпы республика боюнча 375 директордун бош кызмат орду бар. Бир адам бир мектепке сынак аркылуу эки ирет дайындала алат, үчүнчү жолу ал башка мектепке сынак аркылуу дайындалууга укуктуу. Ал эми жаш курагына чектөө жок. Сынак Бишкек жана Ош шаарларында компьютердик тестирлөө жолу менен өткөрүлөт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий