• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Кытайдын Артыш шаарындагы маданий борборго барды

Өкмөт 0

Бишкек, 02.03.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун Артыш шаарындагы маданий борборго барды.

Маданий борбордо минкаб башчысына Кызыл-Сууда отурукташкан элдердин анын ичинде кыргыздардын тарых таржымалын айтып беришти. Ошондой эле Минкаб башчысы тарыхый экспонаттар, кызыл суулук кыргыздар колдонгон буюмдарды көрүп чыкты.

Мындан тышкары Маданий борбордогу Манас эпосуна арналган атайын музей менен таанышкан Акылбек Жапаров баштаган Кыргыз делегациясына, улуттук аспаптар менен чыгармалар тартууланып, Манас эпосунан үзүндү айтылды.

Жыйынтыгында Акылбек Жапаров Артыштагы маданий борборго улуттук колориттеги шырдакты белек кылып, жакынкы аралыкта музыкалык аспаптар берилээрин билдирди. Мындан тышкары Минкаб башчысы Артыштагы бул маданий борбор менен Бишкектеги "Манас" Кыргыз улуттук театрынын кызматташтыгын бекемдөөнү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий