• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда мектеп окуучулары качан каникулга чыгат? Жооп

Билим 0

Бишкек, 04.09.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылына мектеп каникулдарынын графигин бекитти.

Ведомстводон билдиришкендей, графикке ылайык, күзгү каникулдар 2023-жылдын 6-ноябрынан 12-ноябрына чейин созулат. Каникул 7 календардык күндү түзүп, сабактар 13-ноябрда башталат.

Ал эми кышкы каникулдар 2024-жылдын 1-январынан 14-январына чейин созулуп, сабактар 15-январда башталат. Каникул 14 календардык күндү түзөт.

Жазгы каникулдар 11 календардык күндү түзүп, 2024-жылдын 21-мартынан 31-мартына чейин созулат. Ал эми сабактар 1-апрелде башталмакчы.

Биринчи класстардын окуучулары үчүн III чейректе кошумча бир жумага жазгы каникул күндөрү узартылат.

Пикир

Оставить комментарий