• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасынын IV баскычы башталат

Билим 0

Бишкек, 12.03.18. /Кабар/. Кыргызстанда 23-24-мартта мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасынын IV баскычы башталат. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Олимпиадага республиканын жалпы билим берүү уюмдарынын III баскычта I, II орун алган 318 окуучусу катышат.

2018-жылдын 26-27-февралында өткөн үчүнчү баскычта 2 миң 332 окуучу катышкан. Олимпиада 17 жалпы билим берүүчү предметтер боюнча өткөн.

Олимпиаданын III баскычын өткөрүү үчүн ар бир аймакка атайын даярдалган команда лидерлеринен жана 6 администратордон турган команда барган.

Команда лидерлери олимпиадалык борборлорду жана облустардан келген ыктыярчылардын ишин жетектешти.

Республикалык олимпиаданын IV басскычы информатика боюнча КРСУда онлайн-режимде өтөт.

Предметтер боюнча олимпиадалык тапшырмалар министрликтин жана Билим берүү жана окутуу ыкмаларын баалоо борборунун сайтында жайгаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий