• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда мектептерде кыргыз тилин окутуу күчөтүлөт – Акылбек Жапаров

Билим 0

Бишкек, 27.09.22. /Кабар/. Кыргызстандын мектептеринде кыргыз тилин окутуу күчөтүлөт. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы №75 орто мектеп-лицейинин жаңы имаратынын ачылыш аземинде билдирди.

Анын айтымында, кийинки жылдан тартып башталгыч жана орто мектептерде мамлекеттик тилди окутуунун саатын көбөйтүү пландалууда.

“Мындан тышкары. Орус тилин дагы окутууну улантуу керек, аны билүү Кыргызстандык мигранттардын ийгиликтерге жетишине жардам берет. Ошондой эле англис тилин окутууга дагы басым жасашыбыз керек, анткени илимий ачылыштардын 92%ы ушул тилде жүргүзүлөт. Сиздин билимиңиз ата-энеңизге жана мамлекетке пайда алып келүүсү үчүн ушул үч тилди билишиңиз керек”, - деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысы кийинки жылдан тартып Кыргызстанда 12 жылдык окутууну киргизүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий