• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош менен Москва мамлекеттик университеттеринин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду

Билим 0

Бишкек, 03.03.23. /Кабар/. Москва шаарында Евразиялык университеттердин ассоциациясынын XV съезди өтүп жатат. Бул тууралуу Ош мамлекеттик университетинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков баштаган делегация да катышууда.

Съезддин алкагында 2-мартта Кудайберди Кожобеков М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин ректору Виктор Садовничий менен жолугуп, ОшМУда аталган окуу жайдын филиалын ачуу боюнча келишимге кол коюлду.

Андан сырткары, эки окуу жайдын ректорлору туризм (бакалавриат), эл аралык мамилелер, математика жана компьютердик илимдер, колдонмо математика жана информатика (магистратура) багыттарында кош дипломдуу билим берүү программалары боюнча да келишимге кол коюшту.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Евразиялык университеттердин ассоциациясы университеттердин беделдүү жана таасирдүү эл аралык уюму болуп саналат. Анын курамына КМШ өлкөлөрүнүн улуттук университеттери, алдыңкы регионалдык университеттери жана Евразиядагы жогорку окуу жайлары кирет.

Пикир

Оставить комментарий