• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда мектептердин II Республикалык театралдык фестивалы башталды

Маданият 0

Бишкек, 22-март /Кабар/. Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик Улуттук орус драма театрында бүгүн орто жалпы билим берүүчү мектептердин арасында II Республикалык театралдык фестиваль башталды. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Фестивалды КРнын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Фархад Бекманбетов жана Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү ачты.

Алгачкылардан болуп Бишкек шаарынын №59 орто мектебинин окуучулары Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” чыгармасы боюнча өз спектаклин тартуулашты.

Ошондой эле, бүгүн Талас облусунун Манас районунун Өмүрзак Израилов атындагы орто мектебинин окуучулары оюн коюшту. Алар 45 мүнөттүк “Абийир кечирбейт” спектаклин даярдашкан.

Ош шаарынын Алишер Навои атындагы орто мектебинин окуучулары драма театрдын сахнасына «Наристелердин чыңырыгы» спектакли менен чыгышты.

Ошондой эле, сынакка Кара-Балта шаарынын маданият үйүнүн театралдык студиясынын жаш артисттери С.Маршактын “Теремок” чыгармасы менен катышууда.

Фестивалдын 23-марттагы программасында Каракол шаарынын №11 мектеп-гимназиясынын «Закым кубалаган балдар», Ак-Талаа районунун Мейманов атындагы орто мектебинин «Жетим ата» спектаклдери күтүлүүдө.

2017-жылдын 24-мартында театрдын сахнасынан көрүүчүлөр Баткен облусунун Бото атындагы орто мектебинин окуучуларынын Э.Төлөковдун «Адам жан дүйнө азгырык» чыгармасы боюнча жана Сары-Булак айылынын Т.Кожомбердиев атындагы орто мектебинин «Манастын уулу Семетей» оюндарын көрө алышат.

Фестиваль 24-мартк чейин күнүгө саат 10:00дө башталат.

Пикир

Оставить комментарий