• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда насаатчылык институту киргизилди. Максаты

Коом 0

Бишкек, 15.08.23. /Кабар/. Министрлер кабинети «Ишканада (уюмда) насаатчылык жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» токтом кабыл алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Насаатчылык – бул ишкананын же уюмдун эң квалификациялуу адистеринен, иш стажы жок кызматка дайындалган жаш адистерге, билим жана көндүмдөрдү өткөрүп берүү процесси.

Жобого ылайык, насаатчылар кесиптик билимин жана көндүмдөрүн өркүндөтүү, жаш адистердин өз милдеттерин мыкты аткаруусу үчүн усулдук жана практикалык жардам көрсөтөт. Ошондой эле, насаатчылар командага көнүүгө жардам берет.

Жобо насаатчылыктын максаттарын, насаатчыларга коюлуучу талаптарды, насаатчылыкты уюштуруунун тартибин, формаларын жана ыкмаларын, ошондой эле анын укуктарын менен милдеттерин билдирет.

Эмгек министрлигинен такташкандай, бул токтомду кабыл алуу демилгеси бизнес-коомчулук тарабынан 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялоо боюнча кеңештин жыйынында көтөрүлгөнүн тактады.

Пикир

Оставить комментарий