• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте мугалимдердин август конференциясы онлайн режиминде өттү

Коом 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Бишкекте жыл сайын өткөрүлүп келген мугалимдердин жана калаанын билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин конференциясы быйыл онлайн режиминде өткөрүлдү.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, август конференциясына жалпы билим берүү уюмдарынын 380 мугалими катышты.

«Биз мугалимдер менен билим берүүнү уюштуруудагы жаңы формаларын талкуулап, өткөн окуу жылынын жыйынтыгын чыгарып, 2020-2021-окуу жылына карата өнүгүү перспективаларын аныктадык», - деп билдиришти муниципалитеттен.

Белгилүү болгондой, видео-чатка КРнын билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, калаанын социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева катышты. Конференцияны мэриянын билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева алып барды.

Эскерте кетсек, шаардын бюджети социалдык тармакка багытталган, анда билим берүү тармагына 4,5 миллион сом каралган.

Конференциянын түз эфиринен жаздырылган видеону шаардык мэриянын билим берүү башкармалыгынын расмий баракчасынан көрүүгө болот: Facebook: https://www.facebook.com/edubishkek.

Пикир

Оставить комментарий