• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй облусундагы мечиттердин санитардык абалын көзөмөлдөө тапшырмасы берилди

Коом 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагулов казыят кызматкерлерине жыйын өткөрдү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйында Руслан ажы Жумагулов мечиттердин санитардык абалын көзөмөлдөө жана жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ысырапкерчиликке каршы күрөшүү, имамдардын ишмердүүлүгү жана күз мезгилиндеги ишембиликтерди өткөрүүгө даярдык көрүү жаатындагы тапшырмаларды берди.

«Диний кызмат өтө жоопкерчиликтүү иш. Жалпы элибиздин аракеттери менен жашообуз мурунку нукка түшүп келе жатат. Биз дагы ишибизди акырындан мурунку тартипке алып келели. Бирок, өздүк гигиена жана медицина кызматкерлеринин талап жана сунуштарын бекем сактоону эсибизден чыгарбайлы», - деди облус казысы.

Муну менен катар облус казысы казыят, райондук хатибият кызматкерлерин отчётко даярдык көрүү боюнча тапшырма берди.

Пикир

Оставить комментарий