• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча райондук борборлор иштеп баштады - Бишкек мэриясы

Коом 0

Бишкек, 25.08.20/Кабар/. 24-августтан тартып калаанын төрт районунда биометрикалык маалыматтарды чогултуу борборлору иштеп баштады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 16 жаштан өткөн же болбосо биометрикалык маалыматтарды тапшыра элек жарандар төмөнкү даректерден маалыматтарды тапшыра алат:

- Биринчи май районунда Ростов көчөсү, 19б дарегинде жайгашкан «Тазалык» муниципалдык ишканасынын базасында биометрикалык маалыматтарды чогултуу борбору ачылган. Толук маалымат: 0705 635363.

- Свердлов районунда биометрикалык маалыматтарды чогултуу пункту «Дордой» жаңы конушунун №94 мектебинде саат 9:00дөн 18:00гө чейин иштейт. Толук маалымат үчүн байланыш: 0505 577222.

- Октябрь районунда Байтик Баатыр көчөсү, 17 дарегиндеги Октябрь райондук администрациясына саат 9:00дөн 18:00гө чейин кайрылууга болот. Толук маалымат: 0550 776644.

- Ленин районунда Интергельпо көчөсү, 2 дарегинде жайгашкан №57 мектептин имаратында биометрикалык маалыматтарын каттатууга болот. Толук маалымат: 0705 160513.

«Маанилүү! Паспортуңуздарды жаныңыздарга алып алыңыздар!»,- деп эскертишти муниципалитеттен.

Эскерте кетсек, КРнын «Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө» мыйзамынын 5-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын ар бир жараны биометрикалык каттоодон өтүүгө милдеттүү.

Пикир

Оставить комментарий