• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сосновкада жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди

Коом 0

Бишкек, 09.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 9-ноябрда саат 7:45тен баштап Бишкек-Ош унаа жолунун 81 чакырым бөлүгүндөгү Төө-Ашуу жана Сосновка бекетинде жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” ишканасынан билдиришти.

Эрежеге ылайык, кар жааганда жүк ташуучу унаалар Төө-Ашуудагы жолдун аркы бетине токтоп, унаалардын жүрүшүнө тоскоолдук жаратат. Анын негизинде аларга чектөө киргизилет.

“Аба ырайынын шартына байланыштуу жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө. Жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүүнү сунуштайбыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий