• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек троллейбустарынын санитардык-техникалык абалы текшерилди

Коом 0

Бишкек, 07.03.23. /Кабар/. Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлери жетекчилик менен биргеликте рейд өткөрдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө троллейбустардын санитардык-техникалык абалы, салондогу камералар, аялдамаларды айтуучу үн коштоолор жана жүргүнчүлөрдүн отургучтары текшерилди.

Текшерүү учурунда жетекчилик оңдоло турган троллейбустарды бир күн кечиктирбестен оңдоп чыгууну тапшырды. Санитардык абалы начар троллейбустар жеринде жуулду.

Текшерүү иштери улантылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий