• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Россия билим берүү тармагындагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоого даяр

Коом 0

Бишкек, 07.03.23. /Кабар/. Москвада Кыргызстандын билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова менен Россиянын билим берүү министринин орун басары-статс-катчысы Андрей Корнеевдин жолугушуусу болуп өттү.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришкендей, жолугушуу бүгүн, 7-мартта "Келечек үчүн Кыргызстан менен Россиянын аялдарынын диалогу" аттуу Биринчи кыргыз-россия аялдар форумунун алкагында болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү тармагындагы кыргыз-россия кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде россия тараптын Кыргызстандын аймагында тогуз билим берүү мекемесин куруу боюнча мурда жетишилген эки тараптуу макулдашууларды ишке ашыруунунун жүрүшүн талкуулашты.

Иш-чаранын жыйынтыгында тараптар билим берүү тармагындагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары да чыңдоого өз ара даярдыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий