• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги Чыгыш автобекетинин ордуна көп кабаттуу унаа токтотуучу жай куруу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 25.12.23. /Кабар/. Бишкек мэриясы Чыгыш автобекетин шаардын сыртына жылдырып, анын ордуна көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курууну пландоодо. Бул боюнча план Бишкек шаардык кеңешинин токтомунун долбоорунда белгиленген.

Документке ылайык, мэрия Жибек Жолу проспектиси, 263 дарегиндеги 1,3 гектар жер тилкеси менен Чыгыш автобекетинин административдик имаратын борбор калаанын балансына алып, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын макулдугун күтүүдө.

Демилгеде жол тармагынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу менен шаардагы унаа тыгын көйгөйүн чечет деген жүйө келтирилүүдө.

Ошондой эле иштеп жаткан станциянын аймагына парк аймагын түзүү, ал эми автобекеттин имараты республикалык маанидеги архитектуралык эстелик болгондуктан оңдоп-түзөө сунушталууда.

Пикир

Оставить комментарий