• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда ноябрь айында аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 16.10.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору ноябрь айында өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5° төмөн болуп, 2…4° жылуу, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө 0…-2° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -4° суук…+1° жылуулуктан 2…7º жылуулукка чейин, күндүз 5…10° жылуулуктан 13…18° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -3…-8° суукка чейин, күндүз -2° суук …+3° жылуулукка чейин төмөндөшү мүмкүн.

Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн 0…-5° сууктун тегерегинде болушу, күндүз 3…8° жылуулуктан 9…14° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Кээ бир күндөрү абанын температурасы -7…-12° суукка чейин, күндүз -3° суук …+2° жылуулукка чейин төмөндөшү мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 40-49 мм, тоо этектеринде 23-37 мм).

Талас облусунун дыйканчылык аймактарында

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5° төмөн болуп, 0…2° жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6° сууктан 0…5° жылуулукка чейин, күндүз 4…9° жылуулуктан 12…17° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Кээ бир күндөрү түнкүсүн -7…-12° суукка чейин, күндүз 0…-5° жылуулукка чейин төмөндөшү мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (28-29 мм).

Ош облусунун дыйканчылык аймактарында

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 5…7° жылуу, тоо этектериндеги райондордо нормадан 1° төмөн болуп, 2…4° жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3° суук…+2º жылуулуктан 3…8º жылуулукка чейин, күндүз 5…10° жылуулуктан 14…19° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5° сууктан 1…6° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт, кээ бир түндөрү -3…-8° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз 2…7° жылуулуктан 11…16° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөт (өрөөндөрдө 29-68 мм, тоо этектериндеги райондордо 29-32 мм).

Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 5…7° жылуу, тоо этектериндеги райондордо нормадан 1…1,5° төмөн болуп, 2…4° жылуу болушу күтүлөт, Токтогул районунда нормадан 1,5…2° төмөн болуп, 3…5° жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3° суук …+2º жылуулуктан 3…8º жылуулукка чейин, күндүз 5…10° жылуулуктан 14…19° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5° сууктан 1…6° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт, кээ бир түндөрү -3…-8° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз 2…7° жылуулуктан 11…16° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -4° суук …+1º жылуулуктан 2…7º жылуулукка чейин, күндүз 2…7° жылуулуктан 8…13° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү өрөөндөрдө нормага жакын, тоо этектериндеги райондордо жана Токтогул районунда нормадан арбын болушу күтүлөт (өрөөндөрдө 56-58 мм, тоо этектериндеги райондордо 51-96 мм, Токтогул районунда 25-27 мм).

Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 5…7° жылуу, тоо этектериндеги райондордо нормадан 1° төмөн болуп, 4…6° жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3° суук …+2° жылуулуктан 3…8º жылуулукка чейин, күндүз 5…10° жылуулуктан 14…19° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5° сууктан 1…6° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт, кээ бир түндөрү -3…-8° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз 2…7° жылуулуктан 11…16° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөт (өрөөндөрүндө 14-16 мм, тоо этектериндеги райондордо 33-35 мм).

Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5° төмөн болуп, 1…3° жылуу, чыгышында 0…-2° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 3…8° жылуулуктун тегерегинде болушу күтүлөт. Кээ бир күндөрү чыгышында түнкүсүн -6…-11°суукка чейин, күндүз -3°суук… +2° жылуулукка чейин төмөндөшү күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөт (1-17 мм, чыгышында 24-46 мм).

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -1…-3° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -5…-10° сууктан -3° суук …+2° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт, кээ бир түндөрү -10…-15° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз -2° суук …+3° жылуулуктан 4…9° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (4-15 мм).

Жайыттар зонасы

Алай өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -6…-8° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -6…-11° сууктан -12…-17° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт, кээ бир түндөрү -20…-25° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз -3…-8° сууктан -2° суук…+3° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөт (21-23 мм).

Чаткал өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -2…-4° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6° сууктан -7…-12° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт, кээ бир түндөрү -13…-18° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз -3° суук …+2° жылуулуктан 4…9° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөт (35-37 мм).

Суусамыр өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -6…-8° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…-7° сууктан -10…-15° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт, кээ бир түндөрү -17…-22° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз -2° суук …+3° жылуулуктун тегерегинде болушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөт (18-20 мм).

Пикир

Оставить комментарий