• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сагынбаев: Стратегиянын жаңы долбоору коррупциянын профилактикасына багытталган иш-чараларды камтыйт

Коом 0

Бишкек, 17.09.20./Кабар/. «Стратегиянын жаңы долбоору коррупциянын профилактикасына жана анын алдын алууга багытталган көп сандаган практикалык иш-чараларды камтыйт», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, бүгүн, 17-сентябрда, Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында, 2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегиянын жаңы долбоору менен тааныштырып жатып.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, Дамир Сагынбаев бул иш-чараларды ишке ашыруу мамлекеттик жана муниципалдык органдардагы коррупцияны түп-тамырынан бери минималдаштырууга жардам берерин баса белгиледи, анын ичинде:

— экономиканын өнүгүшү үчүн административдик жана бюрократиялык тоскоолдуктарды максималдуу жоюу;

— жарандардын жана ишкерлердин мыйзамдуу кызыкчылыктарын, укуктарын натыйжалуу коргоону камсыз кылуу.

Коррупцияга каршы күрөшүүнүн жаңы мамлекеттик стратегиясынын иштелип чыккан жаңы долбоору төмөнкү принциптерди белгилейт:

— мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин кирешелери менен чыгашаларынын балансын көзөмөлдөө принциби;

— коомдук көзөмөл принциби жана бардык мамлекеттик маалыматтардын жеткиликтүүлүгү;

— мамлекеттик кызматтын кадыр-баркын күчөтүү принциби;

— мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтардагы коррупциялык жагымдуулукту төмөндөтүү принциби;

— сөзсүз түрдө жазалоо принциби.

Дамир Сагынбаев Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жаңы мамлекеттик стратегиянын негизги максаттары катары төмөнкүлөрдү атады:

— коррупциянын келип чыгышынын негизги жана системалык себептерин четтетүү менен Кыргыз Республикасындагы коррупцияны минималдаштыруу;

— мамлекет жүргүзүп жаткан коррупцияга каршы саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу;

— өлкөнүн санариптештирүү процессин аяктоо, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү автоматташтыруу;

— бул процесске бардык мамлекеттик институттарды, жарандык секторду жана бизнес коомчулугун тартуу;

— коррупциянын ар кандай көрүнүштөрүнө толеранттуулуктун нөлгө барабар атмосферасын түзүү;

— мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтын кадыр-баркын жогорку деңгээлге көтөрүүнү камсыз кылуу.

«Стратегиянын максаттарына жетүү 2024-жылга карата коррупциянын деңгээлин аныктаган дүйнөлүк рейтингдеги позициябызды 30%дан ашык деңгээлге көтөрүүгө, бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдарга болгон элдин ишенимин 50%га көтөрүүгө мүмкүндүк берип, жарандардын сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарына болгон ишенимин жогорулатат», — деп айтты Коопсуздук кеңешинин катчысы.

Дамир Сагынбаев белгилегендей, бул өз кезегинде мамлекеттик жана социалдык өнүгүүнүн бардык тармактарына кошумча дем берип, өлкөдөгү экономикалык жигердүүлүктү жогорулатат.

Ал Стратегияда төмөнкү 7 маселеге көңүл бурулганын баса белгиледи:

— коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү;

— декларативдик мыйзамдарды жана «Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бекемдөө;

— улуттук кызыкчылыктарды камтыган мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда ачык-айкындыкты жогорулатуу жана бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды автоматташтыруу;

— мамлекеттик жана жеке секторлордогу коррупциялык көрүнүштөрдү минималдаштыруу;

— сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарына ишенимди жогорулатуу жана коррупциялык кылмыштарды сөзсүз түрдө жазалоо;

— саясий коррупциянын алдын алуу;

— коррупцияга каршы күрөшүү боюнча эл аралык программаларды ишке ашыруу жана коррупцияга каршы иш-чараларды каржылоо.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Стратегиянын милдеттери 2018-2040-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Улуттук өнүгүү стратегиясында чагылдырылган максаттарга максималдуу түрдө жетишүүгө багытталган деп кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий