• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз эл артисти Марат Алышпаевдин мемориалдык тактасы өзү жашаган үйгө орнотулду

Коом 0

Бишкек, 18.12.22 /Кабар/. Күн мурун, 17-декабрда Улуттук тарых музейинде Кыргыз Республикасынын эл артисти, театр жана кино искусствосунун атактуу актёру Марат Алышпаевдин 75 жылдык мааракесине арналган эл аралык конференция болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Жыйынга маданият министринин орун басары Түмөнбай Колдошов, Улуттук телерадио берүү корпорациясынын директору Кайрат Иманалиев, коомдук жана маданият ишмерлери катышты.

Алгач иш-чара Бишкек шаарындагы Марат Алышпаевдин өзү жашаган үйгө орнотулган мемориалдык тактасын ачуу менен башталды.

Марат Алышпаев көзү тирүү болгондо быйыл жыл соңунда 75 жашка толмок.

Залкар актёр 1947-жылы 17-декабрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында туулган.

Мектепти 1965-жылы аяктагандан кийин Фрунзе шаарындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетине тапшырган. 2-курста окуп жүргөн кезинде ал окуу жайга Москвадагы театралдык институттун мугалимдери жаштар арасында сынак өткөрүп, Алышпаев андан өтүп кетип Москвага жол тарткан. Ал жогорку окуу жайды 27 жашында бүтүп, эмгек жолун Ош шаардык драма театрында баштайт.

Сахнада дүйнөлүк классикадагы Гамлет, король Лирден баштап, кыргыз элинин бир топ чыгармаларында 100гө жакын образ жараткан. Киночулардын 20дан ашык тасмасында тартылган.

Андан сырткары, таланттуу актер Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук куудулдар театрын негиздеп, 2003-жылы Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын директору, Маданият жана маалымат министрлигинин искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору кызматтарын аркалаган.

Пикир

Оставить комментарий