• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ак-Ордо-2 жаңы конушунда ташка бастырылган кызды өлтүрүүгө шектүү кармалды

Коом 0

Бишкек 30.03.18 /Кабар/. Буга чейин Сокулук районунун Ак-Ордо жаңы конушунда болжол менен 25-30 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылып, анын өздүгүн тактоо максатында өзгөчө белгилери көрсөтүлүп, баардык жалпыга маалымдоо каражаттарына таркатылган.

Милициядан билдиришкендей, аталган жаңы конуштагы жер тилкелердин биринде курулуш иштерине деп төгүлгөн таштардын арасынан адамдын жансыз денесин көрүшүп, милицияга жергиликтүү жашоочулары кабарлашкан.

2018-жылдын 24-март күнү болжол менен саат 14:45 чамасында Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Ак-Ордо жаңы конушунда аял кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалымат боюнча Сокулук районунун ИИБнин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышкан.

Жансыз денеге кароо жүргүзүү учурунда, анын киши колдуу болуп өлтүрүлгөнү аныкталып, табылган жансыз денеге зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Бул окуя боюнча Сокулук РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (Киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Алгач жансыз дененин өздүгүн тактоо үчүн багыттамалар жалпыга маалымдоо каражаттарына берилип, ыкчам издөө иш-чаралар улантылган. Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында маркумдун өздүгү такталып, ал Талас облусунда туулуп өскөн 26 жаштагы Н.А. аттуу жаран экендиги такталган. Анын жакындары, байланыштарынын үстүнөн тергөө иш-амалдары жүргүзүлүп, натыйжада шектүү катары Бишкек шаарынын жаны конуштарынын биринде жашаган 25 жаштагы Т.Б. кармалып, Сокулук районунун убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Териштирүү учурунда бул окуя 2017-жылдын декабрь айында каза болгон кыз менен кылмышка шектүү жарандын ортосунда пикир келишпестиктен чыгып, кылмышты жашыруу максатында шаардын четиндеги жаңы конушка түнкүсүн алып барып, таш менен үстүн жаап салганы маалым болгон.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий