• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда окуу жылы 1-сентябрда башталабы? Билим берүү министрлигинин жообу

Билим 0

Бишкек, 13.06.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги окуу жылын 1-сентябрда баштоо маселесин карап жатат. Маалыматты "Кабар" агенттигине министрликтин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматта министрлик жарандардын кайрылуусун эске алып, 2022-2023-окуу жылын 1-сентябрга кайтаруу маселесин карап жаткандыгы айтылат.

"Буга ата-энелердин жана мугалимдердин кайрылуусу себеп болду. Алар окуучулар чарчап калып жаткандыгын жана окуу жылынын жылдырылышы алардын жетишкендиктеринин төмөндөшүнө алып келерин айтышууда. Ошондой эле сабактарды калтырган балдардын санынын өсүшү мүмкүндүгүн билдиришүүдө", - дейт министрликтин басма сөз кызматы.

Пикир

Оставить комментарий