• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 10 медкызматкер коронавирустан айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 10 медкызматкер коронавирустан айыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкер арасында коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок

"Ал эми бир суткада 1 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Үй карантининен айыгып чыгарылгандардын саны – 9 медкызматкер. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 миң 136 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 506 медкызматкер айыгып чыкты", - дейт ал.

Кыргызстанда 3-сентябрга карата коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан учурлардын саны 44 миң 135ти түзөт. Алардын ичинен 39 миң 174 киши айыгып чыкты, 1 миң 60 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий