• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 225 адам коронавирустан айыкты. Жалпы 38 миң 198

COVID - 19 0

Бишкек, 30.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 225 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 107, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 17, Ош облусунда – 22, Талас облусунда - 3, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 29, Жалал-Абад облусунда – 21, Баткен облусунда 15 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 38 миң 198ге жетти.

Пикир

Оставить комментарий