• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 4 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 29.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 4 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 3, Ош шаарында бир медкызматкер илдетке кабылган.

"Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 330 учур катталды, алардын ичинен 247 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 29-майга карата коронавирус жуктурган 68 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1662ни түзөт. Алардын ичинен 1088 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий