• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстанда беткап өндүргөн алты ишкана иштейт

COVID - 19 0

Бишкек, 13.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда беткап өндүргөн 6 ишкана иштей турганын Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, жеке коргонуучу каражаттарды жасаган эки ишкана бар. “Өлкө аймагында алардын кору жетиштүү санда бар”, - дейт ал.

Акматова коронавируска кабылган жарандардын 60 пайызында оору жеңил же белгиси байкалбастан өтүп жатканын кошумчалап кетти.

Республикалык штаб жарандарды социалдык аралыкты сактоого чакырат:

Социалдык аралык – бул коомдук жайларда адамдардын ортосундагы байланышты болушунча кыскартуу. Ал адамдан адамга жугуучу оорунун жайылышын басаңдатууга багытталган адамдардын ортосундагы белгилүү бир аралыкты сактоодон турат.

COVID-19 инфекциясынын пандемиясынын шарттарында 1 – 1,5 метр социалдык аралык коомдук жайларда (дүкөндөр, дарыканалар, иште) жүрүүгө аргасыз болгон бардык жарандар үчүн өзгөчө актуалдуулукка ээ болду.

• Социалдык аралык инфекциянын жайылышынын кескин күчөшүн токтотууга шарт түзөт.
• Үйдөн тышкары чыкканда жана жумушта: жаныңыздарда спирттик негиздеги антисептик (70% кем эмес) жана эшиктерди ачууда, лифттин, банкоматтардын баскычтарын басууда ж.б. колдонуу үчүн бир нече таза кагаз сүлгү ала жүрүңүздөр.
• Жөтөлүү эрежелерин сактаңыздар.
• Иш бөлмөлөрдү жана кызматтык имараттарды тез-тезден желдетип туруңуздар.
• Колдун тазалыгын сактаңыздар: жалпы колдонуудагы буюмдарды (каалгалардын туткаларын, кеңсе буюмдарын, кеңсе техникаларын) кармаган соң колду жууп же антисептик менен тазалаңыз.
• Колуңуз менен бетиңизге, оозуңузга, мурдуңузга, көзүңүзгө тийбеңиз жана бул үчүн бир жолу колдонулуучу сүлгүлөрдү колдонуңуз.
• Кеңсе техникаларынын, кеңсе буюмдарынын беттерин жана каалга туткаларын тез-тез дезинфекциялап туруңуз.
• Бир жолу колдонулуучу же жеке идиштерди, кружкаларды, кашыктарды гана колдонуңуз.
• Беткап тагынып, аны 2-3 саат сайын алмаштырып туруңуз.

Пикир

Оставить комментарий