• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19 Кыргызстанда. Оору көбүнчөсү 35тен 55 жашка чейинкилерди жабыркатууда

COVID - 19 0

Бишкек, 19.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясы менен көбүнчөсү 35тен 55 жашка чейинки адамдар жабыркап жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде башкы санитардык врач, саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын маалыматына караганда, өлкөдөгө коронавирус жуккандардын ичинен 301 - аял, 253 - эркек. Баардыгы 554.

Жаш курагы боюнча:

15 жашка чейинки балдар - 56, анын ичинен бир жашка чейинки 3 наристе;

16 жаштан 19 жашка чейин - 15 өспүрүм;

20 жаштан 35 жашка чейин - 139 жаран;

35 жаштан 55 жашка чейин - 210 жаран;

55 жаштан улуулар - 134 адамды түзөт.

Кыргызстанда 19-апрелге карата коронавирус жуккан жаңы 48 учур катталып, жалпы бейтаптардын саны 554кө жетти. Анын ичинен 134ү медицина кызматкери, 133 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Беш адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий