• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 386 адамдан табылып, 6 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 20.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 386 адамдан табылып, 6 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте - 119, Ош шаарында - 2, Чүй облусунда – 118, Ош облусунда - 30, Талас облусунда - 17, Нарын облусунда - 11, Ысык-Көл облусунда – 55, Жалал-Абад облусунда – 7, Баткен облусунда - 27 адам илдетке кабылды.

Ал эми акыркы бир күндө 427 адам сакайып чыкты. Алардын ичинен Бишкекте – 91, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 81, Ош облусунда – 55, Талас облусунда – 11, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 33, Жалал-Абад облусунда – 85, Баткен облусунда – 66 киши айыкты.

Өлкөдө жалпы 68 миң 702 адам коронавируска кабылса, 59 миң 789 киши айыкты.

Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен 6 адам каза болду. Бишкекте – 4, Нарын облусунда – 1, Ош облусунда – 1 киши көз жумду.

Жалпы өлкө боюнча 1 миң 223 жаран каза тапты. Акыркы суткада 3 миң 373 ПЧР анализ жүргүзүлдү.

Стационарда 3 миң 137 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 826 бейтап дарыланууда. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 11 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада стационардан 4 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 787 учур катталды, алардын ичинен 3 525 медкызматкер сакайды.

Пикир

Оставить комментарий