• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Роспотребнадзор" кыргызстандык жарандар мекенине кетерден мурда коронавируска текшерет

COVID - 19 0

Бишкек, 23.05.20. /Кабар/. Россиянын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматы (Роспотребнадзор) кыргызстандык жарандар мекенине кетерден мурда коронавируска текшерет. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Маалымат жыйында Үсөнбаевге "чет жерден жаранды мекенине кайтарууда, аларды учакка же автобуска салып алып келип жатышат. Ал убакта көп киши коронавирус жугузуп алууда. Келе турган жарандарды алып кетерден мурда коронавируска текшерип, кимдир бирөөдө оору аныкталса, аны өзүнчө тиешелүү шарттар менен алып келүү туура болор беле" деген суроо узатылды.

"Бул жерде маселе болгон. Соль-Илецктен келген жарандар арасында оору аныкталган учурдан кийин Россиянын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) жетекчилигине кайрылып, алар тараптан колдоо таптык. Алар, биздин мекендештерди алып кетерден мурда текшерүү жүргүзүү үчүн көчмө лаборатория жөнөттү. Учурда лабораториялык изилдөө жүргүзүлүп жатат. Эгерде алардын арасында ооругандар болсо, алар боюнча алгоритмге ылайык иш-аракеттер көрүлөт. Башка аба каттамдары тууралуу айтсак, жарандар ар кайсы жактардан келип жатат – Иран, Франкфурт (Германия), Екатеринбург, Москва, Дубайдан. Алар боюнча алгоритм бекем сакталууда. Алар обсерваторго жаткырылып, лабораториялык изилдөө, медициналык көзөмөл жүргүзүп жатабыз. Андан кийин алар үй карантинине чыгарылууда", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий