• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда жалпы 637 бейтап коронавирустан айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 23 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Коронавирустан 23 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен Бишкек шаарында – 15, Ош шаарында – 8 бейтап. Ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыкты. Учурда коронавирустан айыккандардын саны 637ге жетти", - деди Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 7-майга карата коронавирус жуктурган 24 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 895ге жетти. Алардын ичинен 637 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий