• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда жазгы аскерге чакыруу өнөктүгү башталды

Коом 0


Бишкек, 04.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда жазгы аскерге чакыруу өнөктүгү башталды. Быйыл жалпысынан кызмат өтөөгө 3 миң жаш жигиттер чакырылат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын башчысы Сыргак Бодобаев билдирди.

Бодобаев 18-25 жаштагы жарандар аскерде кызмат өтөөгө милдеттүү экенин белгилеп, аскерге биринчи кезекте окуу жайды аяктагандар чакырыларын айтып өттү.

"Альтернативалык кызмат өтөөгө 8 миң жаран чакырылат", - деди ал. Аскерге чакыруу март-май айларында жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий