• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандагы жети КТБда жаңы иштөө форматы боюнча пилоттук долбоор ишке кирди

Коом 0

Бишкек, 26.04.23. /Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2023-жылдын 17-апрелинен 1-октябрына чейин өлкөдөгү жети Калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) “фронт-офис” жана “бэк-офис” принциби боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизди.

Бул Калкты тейлөө борборлору төмөнкү даректерде:

1. Бишкек (Свердлов жана Аламүдүн району) шаарындагы КТБ;

2. Каракол шаарындагы КТБ;

3. Ош шаарындагы КТБ;

4. Баткен шаарындагы КТБ;

5. Шопоков шаарчасындагы КТБ;

6.Кочкор а/а КТБ;

7. Сузак а/а КТБ,

Пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн Калкты тейлөө борборлоруна кошумча операторлор жумушка тартылган.

Алар КРнын жарандыгын кабыл алуу/чыгаруу, жашаган дарегин каттоо, чет өлкөлүк жарандарды каттоо, жашап турууга уруксат берүү жана күбөлүктөрдү берүү боюнча документтерди кабыл ала турган функциялар менен ыйгарым укуктарга ээ болот.

"Буга чейин Калкты тейлөө борборлорундагы операторлор ЗАГС, жарандык, даректик каттоо жана чет өлкөлүк жарандарды каттоо боюнча документтерди кабыл алышкан эмес. Санариптик өнүктүрүү министрлиги кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрлөрүнө документтерди кабыл алган операторлордун санын көбөйтүү аркылуу Калкты тейлөө борборлорунда кезек күтүүнү кыскартууну көздөп жатат", - деп билдиришти СӨМнин басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий