• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ташкентке келди

Өкмөт 0

Бишкек, 26.04.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) келди.

Жумуш сапарынын алкагында Акылбек Жапаров 27-апрелде Ташкент шаарында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда өтүүчү жана дүйнөнүн 70тен ашуун өлкөсүнүн 2500 өкүлдөрүн чогулткан II Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун ишине катышат.

Акылбек Жапаров ошондой эле Өзбекстандын премьер-Министри Абдулла Арипов жана Өзбекстан президентинин администрациясынын жетекчиси Сардор Умурзаков менен жолугат.

Пикир

Оставить комментарий