• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусундагы бир катар соцобъекттерди кыдырды

Өкмөт 0

Бишкек, 14.07.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилерди кыдырды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Акылбек Жапаров Жалал-Абад шаарындагы облустук клиникалык оорукананын кошумча имаратынын курулушу менен таанышты.

Таанышуу учурунда кошумча имаратта неврология, терапия жана нефрология бөлүмдөрү жайгашары айтылды. Оорукананын имаратын курууга 251,3 млн сом бөлүнгөн, курулушту 2023-жылдын октябрына чейин бүткөрүү пландалууда.

Андан ары Министрлер кабинетинин төрагасы Жалал-Абад шаарындагы Пушкин көчөсүн реконструкциялоо иштери жүрүп жаткан жерге барды.

Узундугу 1,920 чакырымды түзгөн бул көчөнү реконструкциялоого 70,3 млн сом керектелет, оңдоо иштеринин жүрүшү 2023-жылдын 1-августуна чейин бүткөрүлөт.

Акылбек Жапаров оңдоо иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.

“Бул көчө Көк-Арт өрөөнүнөн Ош, Өзгөн, Сузак районуна баргандар үчүн негизги көчө. Бул жол узак жылдарга кызмат кылышы керек”, - деди ал.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров Жалал-Абад шаарындагы № 1 мектептин кошумча имаратынын курулушу менен таанышты.

Белгилей кетсек, кошумча имараттын курулушу 2021-жылы башталган, аны окуу жылынын башталышына бүткөрүү пландалууда.

Учурда курулуш ишинин 80% бүтүп калды, бул иш үчүн республикалык бюджеттен 79,4 млн сом бөлүнгөн.

Иш сапарынын соңунда министрлер кабинетинин төрагасы Жалал-Абад шаарындагы Железнодорожная көчөсүндөгү облустук кургак учукка каршы диспансеринин жаңы имаратынын курулушу менен таанышты.

Жаңы имараттын курулушуна республикалык бюджеттен 356 млн сом бөлүнгөн, курулушту 2023-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Белгилей кетсек, аталган объектилердин курулушу министрлер кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы тескемеси менен бекитилген Жалал-Абад шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планынын алкагында ишке ашырылууда.

Алсак, бул чечимге ылайык, Каржы министрлиги Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө 2 млрд сом бөлгөн.

План боюнча социалдык объектилерди куруудан тышкары, таштандыларды кайра иштетүүчү заводду жана бир катар өндүрүш ишканаларын куруу дагы белгиленген.

Аталган объектилер менен таанышып чыккандан кийин Акылбек Жапаров мамлекеттик саясат аймактарды өнүктүрүүгө жана республиканын аймактарында жумуш орундарын түзүүгө багытталганын белгилеп, бир катар тапшырмаларды берди.

“Буга чейин аймактардын өнүгүүсүнүн бирден бир себеби каржылык ресурстардын жетишсиздиги болсо, азыр абал таптакыр башкача. Каражат бөлүндү, облус аймагын өнүктүрүү үчүн талыкпай иштөө гана калды”, - деп баса белгиледи Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий