• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанды өнүктүрүү планына өзгөртүү киргизилет

Президент 0

Бишкек, 26.02.19. /Кабар/. Бишкекте 27-28-февраль күндөрү өтө турган "Кыргыз Республикасы: Аймактык өнүгүү боюнча улуттук диалог" конференциясынын жыйынтыгы менен стратегиялык документтерге жана Кыргызстанды өнүктүрүү планына алымча-кошумчалары киргизилет.

Жарандык, бизнес жана донор уюмдар ортосундагы диалог бийликтин үч бутагынын катышуусу менен өтөт.

Президенттин аппаратынын Экономика, каржы жана стратегиялык өнүгүү саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев билдиргендей, конференциянын расмий бөлүгүн президент Сооронбай Жээнбеков ачат.

Эки күн аралыгында конференциянын катышуучулары тарабынан айтылган эскертүүлөр менен сунуштар эске алынып, алар форумдун резолюциясында камтылат. Ал эми, резолюция стратегиялык документ жана өнүгүү пландарына алымча-кошумчаларды киргизүүдө негиз болуп берет.

"Бул иш-чара акыркы 4-5 жылда алгач ирет өткөрүлүүдө. Улуттук диалог аймактарды өнүктүрүү маселесинин жылдык талкуусунда салттуу аянтча болуп, мамлекет менен жарандардын байланышын түзүшү керек", - деди ал.

Расмий бөлүктөн кийин катышуучулар (дээрлик 1200 киши) үч негизги топко бөлүнөрү пландалган. Биринчи топ аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү темасына тиешелүү болуп, 2018-жылдын жыйынтыктары жана ишке ашпай калган долбоорлорду талкуулоо болот.

Экинчи топто коомдук институттардын ишмердиги, диний саясат жана жаштарды өнүктүрүү, миграция жана башка маселелер каралат.

"Үчүнчү топто аймактарды башкаруу технологиялары, аймактык саясат концепциясы, мамлекеттик башкаруудагы жаңы ыкма жана принциптер, жергиликтүү деңгээлде кадрларды даярдоо системасы талкууланат", - деди Иманалиев.

Иш-чаранын экинчи күнүндө социалдык-экономикалык саясаттагы акыркы өзгөрүүлөр жана реформа, өкмөт менен мамлекеттин ишмердиги тууралуу маалымат берилип, 2040-жылга чейинки улуттук стратегияны жана санариптик трансформация маселелери каралат.

Пикир

Оставить комментарий