• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык футболчулар Япония жана Тажикстан менен ойнойт – оюнчулар

Спорт 0

Бишкек, 05.11.19. /Кабар/. Дүйнө биринчилиги (2022) жана Азия Кубогуна (2023) тандоо турунун алкагындагы Япония жана Тажикстанга каршы оюнда, ошондой эле Өзбекстан менен боло турган жолдоштук беттеште Кыргызстандын курамасынын катарында ойной турган оюнчулар белгилүү болду.

Келе жаткан ишемби, 9-ноябрь күнү ак шумкарлар Ташкенттеги "Пахтакор" стадионунда Өзбекстан менен ойнойт.

Ал эми кийинки апталарда – 14-ноябрда Япониянын курамасы, 19-ноябрда Тажикстан менен ойнойт. Эки оюн тең Кыргызстанда өтөт.

Оюнчулар:

Дарбазачылар: Валерий Кашуба, Павел Матяш, Кутман Кадырбеков (баары – «Дордой»);

Коргоочулар: Валерий Кичин («Динамо-Минск», Беларус), Виктор Майер («Виденбрюк», Германия), Айзар Акматов, Азамат Байматов, Александр Мищенко, Мустафа Юсупов (баары – «Дордой»), Тамирлан Козубаев («ПКНС», Малайзия);

Жарым коргоочулар: Одилжон Абдурахманов («Алай»), Алимардон Шукуров («Болуспор», Түркия), Ахлидин Исраилов, Бахтияр Дүйшөбеков («Башундхара Кингз», Бангладеш), Эдгар Бернхардт («Кедах», Малайзия), Муролимжон Ахмедов, Фархат Мусабеков, Бекжан Сагынбаев, Кайрат Жыргалбек уулу (баары – «Дордой»), Гулжигит Алыкулов («Неман», Беларус);

Чабуулчулар: Виталий Люкс («Ульм 1846», Германия), Мирлан Мурзаев («Дордой»).

Пикир

Оставить комментарий