• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн Ош шаарында жылуулук бериле баштайт

Аймак 0

Бишкек, 05.11.19. /Кабар/. Ош шаарында бүгүн, 5-ноябрдан тарта жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

"Аба ырайынын кескин өзгөрүп, суук түшкөндүгүнө байланыштуу Ош шаарында 5-ноябрдан баштап жылуулук бериле баштайт. Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кол койду", - деп айтылат маалыматта.

Биринчи кезекте жылуулук оорукана, мектеп, бала бакча жана турак үйлөргө берилет.

Пикир

Оставить комментарий