• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда тилемчилик кылып жүргөн жети өспүрүм аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 17.08.20. /Кабар/. Жалал-Абадда тилемчилик кылып жүргөн жети өспүрүм аныкталды. Облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Жалал-Абад ШИИБи тарабынан "Кайырчы" аталышындагы рейди өткөн.

Шаардык милиция кызматкерлери тарабынан өткөн жумада жүргүзүлгөн рейдде тилемчилик кылган 16 жаран аныкталса, алардын арасында жети өспүрүм болгон.

Ошондой эле рейд учурунда коомдук жайда, базар- түйүндөрдүн ичинде улгайган адамдын кейпине айланып, кайырчылык кылган 20 жаштагы аякыз кармалган. Коомдук коопсуздукту сактоо багытында кайырчылардын өздүгүн аныкталып, жашаган жерлерине жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий