• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги Краснодонцев көчөсүн оңдоо иштери жүрүүдө. Жол кыймылы убактылуу токтотулду

Коом 0

Бишкек, 17.08.20. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Краснодонцев көчөсүн капиталдык оңдоо иштери башталды. Аталган көчөдө жол кыймылы убактылуу токтотулду.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, узундугу 1 км жолдун асфальты толугу менен алмаштырылат. Жолдун 30%на асфальт төшөлүп, оңдоо иштери улантылууда.

«Объектиде «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын 30 кызматкери иштеп, 15 бирдик жол-курулуш техникалары тартылды», - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ондоо иштерин 22-августка чейин бүткөрүү пландалууда.

Бул көчөдөн тышкары, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы жалпы узундугу 5435,5 погондук метрди түзгөн 13 көчөдө оңдоо иштерин жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий