• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык ишкердин Youtube’гы каналы дүйнөдөгү эң популярдуу он каналдын тизмесине кирди

Коом 0

Бишкек, 19.02.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргызстандык ишкер Курман Жолдошевдин Youtube’гы каналы дүйнөдөгү эң популярдуу он каналдын тизмесине кирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.

“Сенин каналын дүйнөнүн ТОП 10 рейтингине киргендеги сезимдер”, - деп баракчасында бөлүшкөн.

Жолдошев көп жылдан бери Youtube хостингинде “KIDS 312” каналында кичинекей балдарга мультфильмдерди тартуулап келет. Аталган каналга 3 млн. 734 миң адам жазылган. Youtube колдонуучуларынын арасында “Алтын баскычты” Курманов эң алгачкылардан болуп алган.

Пикир

Оставить комментарий