• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандык компаниялар Сеулдагы Эл аралык «Import Good Fair» кɵргɵзмɵсүнө катышты

Коом 0

Бишкек, 01.07.19. /Кабар/. Кытайдын Сеул шаарында Эл аралык «Import Good Fair» кɵргɵзмɵсүнө ачылды, - деп кабарлайт КР Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын продукцияларын экспорттоо боюнча алдыга коюлган максаттардын негизинде кыргыз компаниялары 27-29-июнь күндөрү Сеулда өткөн көргөзмөгө катышкан.

Кыргызстандык «Аман Гринфуд», «Дары Тянь Шаня», «Бир айыл - бир продукт» жана «Сан Планета» аттуу компаниялары өздөрүнүн органикалык бал, джем, варенье жана башка азыктарын кɵргɵзмɵгɵ коюшкан. Кыргызстандын павильёну көрүүчүлөрдүн ɵзгɵчɵ кызыгуусун жараткан.

Кыргызстандын боюмдарын көрүү убагында Кореянын импортерлор Ассоциясынын жетекчиси Кван Хи Хонго, Корея республикасындагы дипломатиялык корпустун жетекчилерине жана башка катышуучуларга элчи Динара Кемелова Кыргызстандын органикалык продукциясынын өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле «Бир айыл – бир долбоор» аттуу демилгенин негизинде Кыргызстандын региондоруна жана айылдарына жардам кɵрсөтүлүп жатканын айтты.

Маалымат ʏчʏн: Кɵргɵзмɵнүн уюштуруучулары Кореянын импортерлор Ассоциациясы болуп эсептелет. Аны өткөрүүгө жардам кɵрсɵткɵндɵр Кореянын соода, ɵндүрүш жана энергетика министрлиги, Кореянын инвестицияга жана тышкы соодага кɵмɵк кɵрсɵтүү Агенттиги жана Кореянын эл аралык соода Ассоцияциясы.

Пикир

Оставить комментарий