• 88.68
  • 95
  • 0.95

Аламүдүн суусуна чөгүп кеткен жаш жигитти 29 куткаруучу издеп жатат

Кырсык 0

Бишкек, 01.07.19. /Кабар/. Кой-Таш айылындагы Аламүдүн суусуна 23 жаштагы жигит чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ 1993-жылкы Б.С., аттуу бала чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат "112" кызматына түшкөн.

"Издөө иштери жүргүзүлгөн, бирок кеч киргенине байланыштуу издөө убактылуу токтотулган. Бүгүн кайрадан издөө иштери башталып, жалпысынан 29 куткаруучу тартылды", - деп билдиришти ӨКМ кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий