• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык окуучулардын Түркиядагы Teknofest фестивалына катышуу мүмкүнчүлүгү талкууланды

Билим 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Күн мурун билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Түркиянын технологиялык команда фондунун жетекчиси Элван Кузужу Хыдыр менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптар кызматташууну өнүктүрүү багыттарын талкуулашты.

Жетекчи Элван Кузужу Хыдыр фонддун ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.

Ал Түркиянын технологиялык команда фонду, КР министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттиги, Түркиянын кызматташтык жана координациялоо агенттиги (ТИКА) жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети кызматташтык жөнүндө Протоколго кол койгондуктарын кабарлады. Анын алкагында БилимБишкек/BilimBishkek борбору ачылат жана Deneyap долбоору ишке ашырылат.

Ал министр Догдуркүл КендирбаеваныТүркиядагы авиация, аэрокосмостук техника жана Teknofest технологиялары фестивалына катышууга чакырды.

Жолугушуунун катышуучулары Кыргызстандын мектеп окуучуларынын Teknofest фестивалына катышуу мүмкүнчүлүгүн карашты.

Пикир

Оставить комментарий