• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык турист Анталияда жол кырсыгына кабылды

Кырсык 0

Бишкек, 20.06.18. /Кабар/. Анталиянын (Түркия) Манавгат шаарында катталган жол кырсыгынан үч адам жаракат алды, алардын бирөө Кыргызстандын жараны, - деп жазат haberler.com.

Маалыматка ылайык, автоунаа жүргүнчүлөрдү ташыган автобус менен кагылышкан.

Полициядан кабарлашкандай, кичи автобус (мамномер J 2102) Соргун бульвары менен бара жатканга аны жеңил унаа келип сүзгөн (мамномер 02 FE 271).

Кыргызстандык турист М.Жанарбек кичи автобустун ичинде болгон, аны менен бирге Д.Б. жана С.И., аттуу жарандар жабыркаган.

Кырсыктан жабыркагандардын бардыгы дарыгердин көзөмөлүнөн өткөн.

Пикир

Оставить комментарий