• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандык жөө күлүктөр Азия чемпионатында алтын жана күмүш медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 19.02.24. /Кабар/. Кыргызстандык жөө күлүктөр Нурсултан Кеңешбеков жана Айнуска Калил кызы Азия чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу КР Жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жеңил атлетика боюнча Азия чемпионаты 17-февралдан 20-февралга чейин Ирандын Тегеран шаарында өтүп жатат.

Нурсултан Кеңешбеков 1500 м аралыкты 3:49.10 секунд убакытта чуркап өтүп алтын медалга ээ болду. Ошондой эле, кыз-келиндер арасында катышып жаткан Айнуска Калил кызы 1500 м аралыкты 4:35:29 секунд убакытта басып өтүп 2-орунду ээледи.

Мелдешке Кыргызстандын атынан Айнуска Калил кызы (1500-3000 м), Мария Коробицкая (3000 м), Нурсултан Кеңешбеков (1500-3000 м), Майсал Макумбек уулу (800 м) жана Самат Казакбаевдер катышууда (1500-3000 м).

Курама команда башкы машыктыруучу Татьяна Борисованын жетекчилиги алдында мелдешке катышууда.

Пикир

Оставить комментарий