• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандык боксчу Рустамбек уулу Нурадин Азия чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 18.11.19 /Кабар/. Кыргызстандык боксчу Рустамбек уулу Нурадин жаштар арасында (2001-2002-ж.ж) Азия чемпиону болду. Бул тууралуу Азиялык бокс конфедерациясынын расмий баракчасында жарыяланды.

Турнир Улан-Батордо (Монголия) 16 өлкөдөн келген спортчунун катышуусунда өткөн.

Рустамбек уулу 69 кг чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Кыргызстандык мушкер Индия жана Ирактан келген атаандаштарын жеңип, финалдык беттеште өзбекстандык Нурислом Исмоиловду утуп, жаштар арасында Азия чемпиону аталган.

Пикир

Оставить комментарий