• 88.68
  • 95
  • 0.95

Москвада КР Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгү ачылды

Коом 0

Бишкек, 19.02.24. /Кабар/. Москвада КР Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгү ачылды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага палатанын президенти Темир Сариев катышты.

Белгиленгендей, эми кеңсе бизнес үчүн негизги аянтча болуп, анда ишкерлер жаңы өнөктөштөрдү таап, актуалдуу маселелерди чече алышат. Жаңы өкүлчүлүк Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө салым кошот.

КР Соода-өнөр жай палатасы Россияда өзүнүн таасирин активдүү кеңейтүүдө жана палатанын Москвага дайындалган үч өкүлү, тактап айтканда, Михаил Тумасов, Кубанычбек Осмонбеков жана Нурбек Атаканов кеңсенин эффективдүү иштешин камсыздайт.

Мындан тышкары, Тимур Каримов Татарстандагы КР Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү болуп дайындалды.

КР Соода-өнөр жай палатасынын Москва шаарындагы өкүлчүлүгүнүн жаңы кеңсесинин дареги: көч. Большая Полянка, 42, 1 корпус, 109-кабинет. Байланыш телефондору: +7 904 599-99-97, 89045999997, 89963120008

Пикир

Оставить комментарий