• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте аялдамаларды кеңейтүү жана реконструкциялоо иштери жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 25.09.23./Кабар/. Бишкекте жаңы коомдук транспорттун келиши менен аялдамаларды реконструкциялоо жүрүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул этапта 25 аялдама комплексин куруу пландаштырылууда, анын ичинен 4ү муниципалдык менчикти башкаруу департаменти, 21и "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы тарабынан пландаштырылган.

Белгиленгендей, Манас проспектиси менен Чүй проспектисинин кесилишинде 2 аялдама комплекси кеңейтилип, филармониянын алдындагы аялдама 3 метр артка жылдырылып, асфальт төшөлдү.

"Шампанвинкомбинат" жана "Илимдер академиясы" аялдамаларынын айланасы иретке келтирилди, жакынкы убакта аялдамалар орнотулат.

Фучик көчөсүндө Рыскулов көчөсүнөн Аска-Таш мемориалдык комплексине чейин 8 аялдама болот.

Жакында Чүй проспектисинин боюнда "Ала-Тоо" кинотеатрынын жана Мамлекеттик салык кызматынын тушундагы аялдама комплекстерин кеңейтүү иштери башталат.

Шабдан Баатыр жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишине аялдама комплексин орнотуу иштери бүткөрүлүп, бул үчүн жол 1,20 метрден 3 метрге чейин кеңейтилди.

Пикир

Оставить комментарий