• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Наманган облусунда 70тен ашык бала ууланды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.09.23. /Кабар/. Өзбекстандын Наманган облусундагы Чуст районунда уулануунун белгилери менен 71 бала ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу райондук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Аброрбек Алижонов билдирди.

Анын айтымында, азырынча балдардын эмнеге ууланганы белгисиз болууда.

"Абал социалдык түйүндөрдө жазылып жаткандай деле кооптуу эмес. Балдардын көбү медиктердин кароосунан кийин кайра үйлөрүнө кое берилди. Расмий маалымат бардык иликтөөлөрдүн жыйынтыгы чыккандан кийин болот", – деди ал.

Буга чейин Наманган облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы 21-сентябрда дене табы жогорулап, ичи ооруп, кускусу келип жана ичи өтүп жатканына даттанган аймактагы тогуз бала бакчанын тарбиялануучулары менен эки мектептин окуучулары ооруканага кайрылганын билдирген.

Учурда өзүн жакшы сезип калган тогуз бала үйүнө кое берилип, калгандары медиктердин көзөмөлүндө экени кабарланууда.

Балдар эмнеге ууланганы боюнча расмий маалымат бериле элек. Ата-энелер балдарына йод беришкенин билдирүүдө (ушул жумадан тарта Өзбекстанда ар шаршемби сайын балдарга йод берүү өнөктүгү башталган). Башкармалыктын билдирүүсүндө балдар йодго ууланган болушу мүмкүн деген версия да текшерилип жатканы белгиленген.

Буга чейин өлкөнүн бардык аймактарында мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиялануучуларына жана мектеп окуучуларына бекер йод препараттары берилери кабарланган.

Телеграм-каналдарда ууланган балдардын саны бийлик органдары билдиргенден кыйла көп экенин айткан ата-энелердин аудио жана видеобилдирүүлөрү тарап жатат.

Өлкөнүн Башкы прокуратурасы Чуст районунда өзгөчө абал режим киргизилгени тууралуу маалыматты четке какты.

Пикир

Оставить комментарий