• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандык жаран 4 кг героин менен кармалды

Укук тартиби 0

БИШКЕК, 09.08.17. /Кабар/. 4 кг героин менен кыргыз жараны кармалганын ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-августта ИИМдин кызматкерлери тарабынан
тергөө жана ыкчам иш чаралардын алкагында мыйзамсыз баңги затын өндүрүүгө тиешеси бар делип шектелип жүргөн, 40 жаштагы А.А аттуу Ош облусунун тургуну кармалган.

Аны текшерүүдө шектүү жарандан 3 кг 800 грамм героин заты табылган. Муну химиялык иликтөөлөр далилдеген.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу жайга жеткирилген. Учурда башка тиешелүүлөрдү аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий