• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандыктар жарым жылдын ичинде 10,4 миллиард сом насыя алышкан

Экономика 0

Бишкек, 27.08.18. /Кабар/. Ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында кыргызстандыктар алган насыялардын суммасы 10,4 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу КРнын Улуттук статистика комитети билдирди.

Ведомствонун алдын ала эсеби боюнча, микрокредиттик компаниялардан карыз алгандардын саны 220,5 миң адамды түзгөн. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу алардын саны 64,7 пайызга же 86,6 миң адамга өскөн. Берилген карыздардын көлөмү 2,8 миллиард сомго көбөйгөн.

Микрокредиттердин негизги үлүшү 6 айдан 12 айга чейинки мөөнөткө берилген. Бул берилген каражаттардын жалпы көлөмүнүн 52,2 пайызын же 5,4 миллиард сомду түзөт. Карыз алуучулардын калган бөлүгү (40,2%) 1 жылдан 3 жылга чейинки мөөнөт менен насыя алышкан. Аларга 4,2 миллиард сом берилген.

“Карыз алуучулардын көбү 50 миңден 300 миң сомго чейинки микрокредиттерди алышкан. Аталган суммадагы каражатты 59,7 миң адам 5,5 миллиард сомго насыяга алган. Ошондой эле 25 миңден 50 миң сомго чейинки насыяларды 59,7 миң адам 2,4 миллиард сом көлөмүндө алган. Микрокредит алуучулардын 55,1 пайызы (121,4 миң адам) - аялдар”, - деп айтылат Улуттук статистика комитетинин отчётунда.

Берилген насыялардын жалпы көлөмүнүн 33,5 пайызы айыл чарбадагы ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө багытталган. 22,7 пайызы керектөөчүлөрдүн муктаждыктарына карызга берилген. 14,2 пайыз турмуш-тиричилик кызмат көрсөтүүлөрү тармагына жумшалган. Микрокредиттин чоң суммалары Ош облусундагы насыя алуучуларга (20,3%), Бишкек шаарына (19,3%), Чүй (15,1%) жана Жалал-Абадга (13,8%) берилген.

“Кредиттөөнүн негизги көлөмү микрокредиттик уюмдар тарабынан өзүнүн каражаттарынын эсебинен ишке ашкан. Микрокредиттик уюмдар үчүн карыз каражаттардын булагы республиканын финансылык-кредиттик мекемелеринен алынган насыялар жана карыздар, эл аралык финансылык-кредиттик уюмдардан жана донорлордон алынган кредиттер болгон. Алардын үлүшүнө калкка берилген 35 пайыз микрокредит туура келген”, - деп кошумчалашты адистер.

Берилген микрокредиттер боюнча карыз 1-июлга карата 14,1 миллиард сомду түзгөн. Микрокредиттердин кайтарылышынын деңгээли 2017-жылдын ушул мөөнөтүнө салыштырмалуу 0,2 пайызга көбөйүп, 92,8 пайызды түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий