• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандыктарды чет өлкөгө мыйзамсыз жумушка орноштурган компания аныкталды

Коом 0

Бишкек, 26.01.24. /Кабар/. Кыргызстандыктарды чет өлкөгө мыйзамсыз жумушка орноштурган чет өлкөлүк Monto Corporation компаниясы аныкталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган компания Словакияга автобус айдоочуларынын бош кызмат ордуна кыргызстандыктарды жөнөтүп турган.

"Ошол эле учурда чет өлкөлүк компания Кыргызстандын аймагында чарба жүргүзүүчү субъект катары катталбаган жана жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча ишти жүзөгө ашырууга уруксаты жок, ошондой эле кызматкерлер үчүн социалдык коргоо жана эмгек коопсуздугунун кепилдиктерин камсыз кылбаган муну менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган", - деп айтылат маалыматта.

Мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана Кыргызстандын жарандарынын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо максатында кызматкерлер тарабынан аталган уюм менен чет өлкөгө жумушка тартуунун тартиби жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мыйзам бузуу фактысы боюнча укук коргоо органдарынын өкүлдөрү чакырылып, анын жыйынтыгы менен компаниянын ишине бөгөт коюу жана аны жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрүү үчүн протокол түзүлгөн.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору чет өлкөдө иштөөнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кыраакы болууга жана абийирсиз агенттиктердин алдамчы сунуштарынан сак болууга чакырат.

Жеке агенттикке кайрылуунун алдында анын жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча кызмат көрсөтүүгө уруксат кагазы бар-жоктугун текшерип, ошондой эле бош орун, эмгек келишимди жана жашоо шарттары, кызматкердин жана иш берүүчүнүн укуктары жана милдеттери жөнүндө толук жана ишенимдүү маалыматты, ошондой эле конфликттик кырдаалда алардын укуктарын жана таламдарын коргоо ыкмалары жөнүндө толук жана ишенимдүү маалымат алуу керек.

Чет өлкөдөгү жеке ишке орноштуруу агенттигинин мыйзамдуулугун www.migrant.kg сайтынан текшерсеңиз болот.

Эмгек миграция маселелери боюнча кошумча маалымат жана кеңеш алуу үчүн Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна төмөнкү дарек боюнча кайрыла алышат: Бишкек ш., Токтогул көч., 237, тел.: (0312) 65-02-62, Ош ш., Ленина көч., 221, тел.:03222 5 66 32.

Пикир

Оставить комментарий